Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Россияда пара жеген чиновниктерге кылмыш иши козголду


МОСКВА. Москванын прокуратурасы пара жеген деп шектелген жоон топ мамлекеттик чиновниктерге каршы кылмыш ишин козгоду. Кылмыш кылды деп шектелгендердин арасында министрдин орун басары да бар. Кылмыш иши козголгонуна байланыштуу кечээ Балык чарбачылыгы боюнча мамлекеттик комитеттин ликвидациялык комиссиянын төрагасы Александр Тургушев жана мамлекеттик мүлк министрлигинин мурдагы кызматкери Линар Зинатулин камакка алынды. Аларга 3 миллион 700 миң рубль өлчөмүндө пара жеген деген айып тагылууда.

Эл аралык кечки жаңылыктарды даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG