Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Сочиде Россиянын президенти менен Сербиянын өкмөт башчысы сүйлөшүп жатышат

МОСКВА. Бүгүн Сочиде Сербиянын премьери менен жолугушкан президент Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алакалдарды өрчүтүүгө чакырды:

- Биздин орток соодабыздын көлөмү бир жарым миллард долларга жакындап калды. Ошону үчүн Сербиянын өкмөт башчысы менен мен экономикадагы кызматташтыкты өрчүтүүгө басым жасайм,- деди Путин Сербиянын өкмөт башчысы Воицлав Коштуница менен жолугушууда.

Россиянын маалыматтары боюнча, 2003-жылы эки өлкөнүн орток соодасынын көлөмү 1 миллиард 200 миллион долларды түзгөн. Ошондой эле Сочидеги жолугушууда Балкандагы коопсуздук маселелери талкууланды.
XS
SM
MD
LG