Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Германия альтернативдүү энергия булактарына өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи


БОНН. Германиянын жана Британиянын өкмөт башчылары дүйнө экономикаларынын мунайдан көз каранды болуусу аларды өтө арасат абалга салып жатканын айтышты. Канцлер Шрөдер Ирактагы жана Сауд Арабиядагы окуялар өлкөлөр мунай кубатына эле эмес, башка алтернативдүү энергия булактарга таянышы керек экенин ырастады, деп айтты. Канцлердин айтымында, алтернативдүү энергия булактарына өтүү дүйнөдөгү экономикалык коопсуздукту чыңдайт. Мындан мурда Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр да энергия менен камсыз кылуу ишин коопсуздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG