Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

В.Путин менен Э.Рахмонов жолугушат


Бүгүн Сочиде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушат. Сүйлөшүү маалында Орусия менен Тажикстандын мамилелери, анын алкагында аскердик чөйрөдөгү кызматташтык маселелери талкууланат. Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаал тууралуу сөз болмокчу. Бул тууралуу Орусиялык ИТАР-ТАСС агенттиги билдирди.
Сочиге президент Рахмоновду Тажикстандын тышкы иштер министри Талбак Назаров, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын командачысы, генерал Рамил Надиров жана башка ырасмий адамдар коштоп барышат.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG