Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 22:01

Американын соту Павел Лазаренкону күнөөлүү деп тапты


Украинанын мурдагы премьер-министри Павел Лазаренкого "кызмат абалынан пайдаланып ар кимден пара доолаган жана АКШнын банктары аркылуу мыйзамсыз акча жүгүрткөн" деген айыптар тагылды. АКШнын Сан-Франциско шаарындагы сотто окулган мындай айыптоолорду Лазаренко өзү четке кагууда. Юристтердин айтымында, ал беш жылга чейин түрмөдө отурушу мүмкүн. Ырасмий Киев Павел Лазаренко 1996-97-жылдары премьер-министр болуп турганда, америкалык банктар аркылуу 114 млн. доллар өткөргөн деген кабар тараткан, бул үчүн Швейцариянын соту тарабынан буга чейин ал айыптуу деп табылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG