Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин директору кызматынан чегинди

Жорж Тенеттин отставка сурап жазган арызын президент Жорж Буш кабыл алганы жарыяланды. Ага удаа Вашингтон – Тенет Американын чалгындоо иштериндеги кемчиликтерден улам кызматынан чегинди деген маалыматтарды четке каккан билдирүү таратты.

Тенет Американын чалгындоо мекемесинин башчылыгына мурдагы президент Билл Клинтон тарабынан 1997-жылы дайындалган. Ал кечээ кесиптештери үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, үй-бүлөлүк себептерден улам иштен кетип жатканын жана анын жетекчилиги алдында америкалык чалгынчылар террорчулук, Иракка байланыштуу даярдаган отчеттордо одоно кемчиликтер кетирилбегенин белгиледи.
XS
SM
MD
LG