Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Зебари Ирак боюнча жаңы резолюция өлкөнүн эгемендигин толук кепилдеши керек дейт


Багдаддык башкы дипломат Хошияр Зебари бейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде сүйлөдү. Ал Ирак тууралуу резолюцияда утурумдук өкмөт менен коалициялык күчтөрдүн мамилелери так көрсөтүлүшү керек деп белгиледи:

- Ирактын утурумдук өкмөтү АКШ башкарган коалициялык күчтөрдүн келечеги боюнча көз карашын ачык айтып, аны резолюцияга киргизип коюшу зарыл.

Ирактын тышкы иштер министри утурумдук өкмөт – АКШ жетектеген көп улуттуу күчтөр коопсуздуктун кызыкчылыгында Ирактан кетпей турганы оң деп эсептейт. Бирок чет элдик аскерлер - өлкөнүн толук эгемендүүлүгүнө шек келтирбей турган шарттарда атайын макулдашууга ылайык калтырылышы зарыл деп билдирди.

XS
SM
MD
LG