Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун геологдору Нарында


НАРЫН. Нарын эркин экономикалык аймагынан алынган маалымат боюнча, Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун губернаторунун орун басары Иман Намат баш болгон, курамына геологдор кирген, 7 кишиден турган делегация Нарынга келишти. Өткөн жылдын сентябрь айында кытайлыктар Нарында иш сапарда болушканда өз ара кызматташуу жөнүндө сөз болгон. Алардын бири - Нарындагы кен байлыктарды иштетүү эле.

Бул жолу кытайлык геологдор Жетим тоодогу 3,8 млрд. тонна темирдин, Жумгалдын Сандык тоосундагы 1 миллиарддан ашык тонна алюминийдин жана Каракечедеги көмүрдүн кенин биргелешип иштетүү үчүн чалгындоо иштерин биргелешип жүргүзүүнү пландаштырышты.

XS
SM
MD
LG