БИШКЕК. Ушул аптада АКШлык окумуштуу, Колумбия университетинин окутуучусу Роберт Розенбергдин «Бул цивилизация эмес» аттуу романы жарык көрдү. Романдын башкы эки каарманынын бири –улуту кыргыз Анарбек Таштаналиев. Анын тагдыры жана жалпы кыргыз эли баштан кечирген тарыхый өзгөрүүлөр сүрөттөлгөн бул китеп кыргыз окурмандары үчүн абдан кызык. Андан тышкары чыгармада Анарбек Таштаналиев менен АКШнын атуулу, индеец Адам Дейлдин достугу, эки башка дүйнөдө жашаган адамдардын тагдырына өткөөл мезгил салган из чагылдырылган.