Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Беш ай ичинде ички дүң продукцияда өсүш бар


БИШКЕК. 2004-жылдын беш айында ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү 21 млрд. сомго жакын өскөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу 1,5 млрд. сомго көп. Реалдуу өсүштүн темпи 6,7%. Негизги капиталга инвестиция салуунун өсүшү 57%. Акча базасы 11 млрд. жакын сомду түзгөн. Ал эми май айынын акырында кыргыз сомунун АКШ долларына алмашуу курсу 43.93 тыйын болду. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүдөн 485 миллион доллар түшкөн. Бул тууралуу улуттук банктын төрагасы Уран Сарбанов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

XS
SM
MD
LG