БИШКЕК. Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болду. Анда уюмга кирген өлкөлөрдүн аймагындагы жана аны менен чектеш чөлкөмдөрдөгү жалпы кырдаал талкууга алынды. Андан тышкары ШКУнун алкагында диний экстремизмге, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттыруу маселеси каралды.
Ошондой эле, маңзаттар соодасына, курал-жарактарды ташууга жана сатууга каршы кандай аракеттерди көрүү керек деген маселе боюнча да пикир алышты.
Жолугушууга Кыргызстандан Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары Мукамбет Касымалиев барды.