БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте соттордун республикалык кеңешмеси өттү. Ага президент А.Акаев, премьер-министр Н.Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Эркебаев жана соттор катышты. Жыйында мамлекет башчысы сөз сүйлөп, сот реформасы жакшы жүрүп жатат деген баасын берди. Бирок ошол эле учурда А.Акаев оор кылмыш жасагандар акталып, жеңил кылмышка баргандар катуу жаза алышы көнүмүш көрүнүшкө айлангандыгын баса белгилеп, буга сот системасындагы коррупция себеп болуп жаткандыгын билдирди. Абалды оңдоонун бир жолу катары президент соттун санкциясы менен гана камакка алуу эрежесин мыйзамдаштырууну айтты.
Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов адилет министрлигиндеги сот департаментин өзү жетектеген мекеменин карамагына өткөрүп берүүнү өтүндү.
Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов адилет министрлигиндеги сот департаментин өзү жетектеген мекеменин карамагына өткөрүп берүүнү өтүндү.