Ал Казакстандын жогорку жетекчилерине, анын ичинде президент Нурсултан Назарбаевге жана мурдагы премьер Нурлан Балгимбаевге ири суммада пара берип, анын акысына пайдалуу мунай контракттарын түзгөнгө жетишкен жана муну менен АКШнын антикоррупциялык мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Гиффендин адвокаттары бизнесмен болгону казак бийликтеринин талаптарын аткарганын айтып, соттон кылмыш ишин токтотууну суранышты. Судья Ульиям Паулей бир жума ойлонуп көрмөк болду.
Гиффен 1995-2000-жылдардын аралыгында казакстандык жогорку даражалуу чиновниктердин Швейцариядагы банк эсептерине 78 миллион доллар акча которгон.
Гиффен 1995-2000-жылдардын аралыгында казакстандык жогорку даражалуу чиновниктердин Швейцариядагы банк эсептерине 78 миллион доллар акча которгон.