Тараптар деңиздеги чек аралардын тоомунда жаңжалдарды алдын алууну караган келишимге кол коюшту. Ага ылайык, чек ара кызматтары ортосунда түз байланыш түзүлөт. Түштүк Кореянын өкүлү билдиргендей, балыкчылар арасында маал-маалы менен кагылыштар тутанып турарын эске алышып, тараптар мындай жагдайларды дипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салганга, балык аткезчилери тууралуу ыкчам маалымат алмашып турганга милдеттеништи.