Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Бетран Рамчарандын бүгүн Женевада жарыяланган докладында коалиция Саддам Хусейндин тушундагы зулумдукту жок кылганы белгиленет. Ошол эле учурда коалиция өзүнүн зобун-зордугун да жайылтып жатат. Документте оккупациялык мезгилден бери коалициялык аскерлер жасаган зомбулук иштер көрсөтүлгөн.