Коалициялык күчтөрдүн командачылыгы таркаткан билдирүүдө Базянини Ирак полициясы 30-майда кармаганы айтылат. Базяни - “Ал-Каиданын” жогорку жетекчилеринин бири аз-Заркавинин жакын жардамчысы. Аны Ирактагы террордук иштерди уюштуруп турган дешет. Ушул эле күнү Багдадда америкалык төрт жоокер мерт болду. Алардын машинасы жол көбөөлүнө коюлган бомбага жарылды деп айтылууда.
Өткөн түнү имам Моктада ал-Садрдын отряддары менен болгон кагылышта америкалык үч жоокер жарадар болгон эле. Кол салгандар бир канча кишисин жоготту. Имам ал-Садр жаңы түзүлгөн өткөөл өкмөттүн амирин тааныгандан баш тартты. Бул ишке эч кандай таасир көрсөтө албагандыгы үчүн ал-Садр ошондой эле ООНду, анын атайын өкүлү Лахдар Бархимини да сынга алды.