Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Норманияда миңдеген аскерлер, мамлекет жетекчилери чогулууда


Британиянын миңдеген аскерлери – экинчи дүйнөлүк согуш маалында Батыш Европаны нацисттик оккупанттардан бошотуу максатында союздаштар ачкан майдандын 60 жылдык салтанатына катышыш үчүн Францияга жеткирилди. Ал майдан башталган Нормандияга кечээ АКШлык 100дөй ардагер барышкан. Аларга кайрылган Франциянын президенти Жак Ширак:

- Француз эли мындан 60 жыл илгери Францияны фашисттерден бошотууга катышкан америкалыктарга ыраазычылык билдирет. Алардын эрдиги биздин эсибизде, жүрөгүбүздө сакталуу, - деп белгиледи.

Жекшембиде ар башка өлкөлөрдөн чогулган 12 миңдей киши 1944-жылы 6-июнда антифашисттик блокко бириккен союздаштардын Европаны нацисттерден бошотуу аракеттеринде курман болгон аскерлерди эскеришет. Ар 10 жыл сайын өтүп турчу бул иш-чарага алгачкы ирет Германиянын лидери, канцлер Герхард Шрөдер жана бардыгы 20 мамлекеттин жетекчилери катышышат.

XS
SM
MD
LG