Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

АКШ менен Британия Ирак боюнча резолюциянын долбоорун үчүнчү жолу оңдошту


Маалыматтар боюнча, эмки долбоордо АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Ирактын утурумдук өкмөтү суранса өлкөдөн чыгып кетээри ачык айтылган. Мындай түзөтүү - Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө-өлкөлөр - Франция, Кытай жана Орусиянын талабы боюнча киргизилди. Азырынча Коопсуздук Кеңеши документке качан добуш берээри белгисиз.

Ал тапта Ирактын премьер-министри Ияд Аллави өлкөдөгү коопсуздуктун кызыкчылыгында коалициялык күчтөр кала беришин колдой турганын билдирди. Ага удаа Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Ирак боюнча резолюция долбоору дагы башка оңдоо-түзөтүүлөргө муктаж деп билдирди.

 

XS
SM
MD
LG