Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ошто марафон өттү


ОШ. Бөйрөк, боор илдеттеринен жабыркаган 14 жашар уланды Москвада операция жолу менен дарылоого жардам берүү максатында Ош шаарында кайрымдуулук марафону өттү. Марафонду өткөрүүнүн демилгечилери "Кыз бурак" кыздар ансамблинин жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен Ош-3000 телерадиосунун тележурналистти Олжобай Бубатаев болушту. "Бүчүр бойдон көчөтүмдү солутпачы" аттуу кайрымдуулук марафонуна Ош, Жалалабад облустарынын мамлекеттик бийликтеринен баштап жеке адамдарга чейин кызуу катышып, натыйжада 3552 долларга барабар каражат чогултулду. Марафондо "Кыз бурак" кыздар ансамблинин концерти, оорулуу өспүрүм Алмамбет Кубанычбек уулунун өзү жазган ырларын өзү окуган телетасма коштоп отурду.

Жыйын соңунда Алмамбеттин апасы Раушан айым жардам бергендерге ыраазычылык билдирди. Бирок 3552 доллар дарылануунун толук чыгымына караандабайт. Башка каржы булактарынан да жардам алып, 10-июнда Москвага сапар алабыз деди Раушан айым "Азаттыкка".

XS
SM
MD
LG