Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Самарадагы жардырууда кыргызстандык эки аял өлүп, экөө жарадар болду


БИШКЕК. Самара шаарындагы ишкерлер каржылаган «Замандаш» журналынын маалымдашынча, шаардын Кировский базарында 4-июнда болгон жардырууда кыргызстандык 2 аял өлүп, эки аял жараат алды. Жардыруу болгон жердеги 14 соода контейнеринин бешөө кыргыздарга таандык. Базар жабылгандыктан: ал жерде соода кылган 400 чамалаш кыргыз тергөө амалдарынын тыянактарын күтүп жатышат. Каза болгон эки адамдын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү, жаракат алгандарга материалдык, медициналык жардам көрсөтүү иштерин Самарадагы «Манас ата» уюму, Екатеринбургдагы «Кыргызстан-Урал» жана «Замандаш» коомдук фонддору уюштурууда.

Жалпысынан, бул кырсыкта 9 адам набыт болду, 25 киши оор абалда.

XS
SM
MD
LG