БИШКЕК. “Борбор Азиядагы атуулдук көпүрөлөр” долбоорунун негизинде өлкөнүн аймактарында “Атуулдук форум” өткөрүлүүдө. Ишембиде Аламүдүн районундагы беш айылдын бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери менен жергиликтүү айыл өкмөттөрүн шайлоо жана мыйзамдуулукту коргоо багытындагы маселелерге байланыштуу талкуу болду. Бул тууралуу “Борбор Азиядагы атуулдук көпүрөлөр” долбоорунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, “Атуулдук форум” Ысыккөл облусунда жана Жалалабад облусунун Кербен айылында “Коррупцияга бөгөт коюу”, Талас облусунда “Экология маселелери” деген ат менен талкуулар уюштурулган. Мындай иш чаралар мыйзамдуулуктун аткарылышын, адам укуктары, шайлоонун мыйзам чегинде өтүүсү, демократиянын негиздерин элге түшүндүрүү.