Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:27

Ирандын ядролук программасын текшерүү келерки айда аяктайт


БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин башчысы Мохаммед эл-Барадейи Франциядагы жыйында ырасмий Тегеран даярдачу экинчи доклад Ирандын ядролук ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат берет деген үмүтүн айтты.
Өткөн жумада агенттиктин инспекторлору Ирандын адистешкен ишканасынын жабдууларынан байытылган урандын издерин таап, уран атомдук куралды жасоо үчүн колдонулган болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи:

- Ырасмий Тегеран Улуттар Уюмунун аскерий инспекторлору Иранда тапкан байытылган уран боюнча толук түшүндүрмө берди. Бул боюнча башка сөзүбүз жок,- деп билдирди бүгүн.

Асефинин айтышынча, Улуттар Уюму урандын кайдан келгенин билгиси келсе, анын изин башка өлкөдөн издеши керек.

Иран бийликтери бу жабдуулар эл аралык кара базардан сатып алынган деп ырастап келет.

XS
SM
MD
LG