Багдаддын түндүк четиндеги АКШлык аскерий базанын дарбазасына жакын жерде автомобилге коюлган бомба жарылды. Америкалык аскерий жетекчиликтин билдиришинче, жардыруудан ирактык 6 жаран өлдү жана 20дан ашуун киши жарадар болду. Ирактын убактылуу өкмөтү бомба чабуулу үчүн “ал-Каида” уюму менен байланышы бар деп шектелген Абу Мусаб ал-Заркавини күнөөлөдү.
Түндүктөгү Киркук шаарында да бомба жарылып, полициянын бир кызматкери жана бир киши мерт кетти. Бир нече киши жарадар болду.
Кечээ кечинде Багдадда буктурмага кабылып, чет өлкөлүк төрт жаран курман болду. Польшанын тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, курман болгондордун экөө АКШнын жана экөө Польшанын жарандары. Өлгөн төртөө америкалык компанияда күзөтчү болуп иштешчү.
Ирак өз коопсуздугун өзү камсыздоого жетишмейинче, көп улуттуу күчтөр өлкөдө кала бериши шарт экенин Ирактын жаңы премьер-министри Аяд Аллави белгиледи. Ал Би-Би-Сиге берген интервьюсунда “Иракта коопсуздук качан орнойт?” деген суроого “Мүмкүн болушунча тез арада тынчтыкка жетишебиз”, - деп, бирок анын мөөнөтүн так айтпады.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бүгүн Нью-Йоркто болчу жыйынында Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү резолюция талкууланат.