Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Сауд Аравияда британиялыктарды атып кетишти


Саудиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, эки британиялыкты белгисиз адамдар өлкөнүн башкалаасы Эр-Рияддан атып кетишкен. Алардын бири курман болуп, экинчиси жаракат алды. Соңку маалыматтарга караганда, ок жегендер Би-Би-Си корпорациясынын Саудияда иш сапарда жүргөн журналисттери. Акыркы кезде бул жерде чет өлкөлүктөргө кол салуу фактылары көбөйүүдө. Мындан бир апта ашуун мурда өлкөнүн Хубар шаарында чет өлкөлүк мунай компаниялардын кеңселерине кол салынып, анда 22 адам, анын ичинде 19 чет элдик мерт болгон.

XS
SM
MD
LG