КАРАКОЛ. Облустук мамлекеттик администрацияга баш ийе турган эмгек жана социалдык өнүктүрүү департаменти түзүлдү. Анын башчылыгына дайындалган Курманжан Чортонованын айтымында, аталган департаментке социалдык коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик техникалык окуу жайлар боюнча облустук башкармалыктар жана медициналык, социалдык экспертиза комиссиясы бирикти. "Эми башкаруунун ырааттуулугу тартипке келтирилет, чиновниктердин саны кыскарат жана жергиликтүү бюджетке үнөм болот", дейт К.Чортонова.
Ал эми аталган департаменттин түзүлүшүнө кайчы пикирлерин билдирген айрым жетекчилердин көз карашында, орун алмаштырылганы менен иштин сапаты өзгөрбөйт. Бул тармактардагы көйгөйлөрдү чечүү татаалдашып, пикир келишпестиктер күчөйт.