ОШ. Коомдук жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча "Каунтерпарт интернешнл" коомдук уюму бул жолу жалпы суммасы 44 миң 822 долларлык товар түрүндөгү жардам алып келген. Анда түрлүү кийим-кечектер, бир жолу берилүүчү 5 миң 750 даана тамак-аш, керебет жана башкалар бар. 7-июнда Алай райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, Америкадан келген гуманитардык жардамды райондогу атайын түзүлгөн элдик комиссия бөлүштүрөт. Айрым бөлүгү Буудалыктан көчүп барып, Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнүн чегинде үй салып жаткандарга берилмекчи.