Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Түркия Буудалыкка 5 миң долларлык гумжардам берет


БИШКЕК. Түркия «Кызыл жарым ай» коому аркылуу Ош облусунун Алай районундагы жер көчкүдө жабыркагандарга 5 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Туйган Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Аманбек Карыпкулов менен болгон жолугушуусу учурунда кабарлады. Мындай маалыматты бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты.

Ушул жазда Алайдын Буудалык айылында болгон жер көчкүдөн 33 киши набыт болуп, жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калышкан.

XS
SM
MD
LG