Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Солана этникалык албандардын лидерлерин март айындагы кагылышуулар маалында сербдердин кыйратылган үйлөрүн калыбына келтирүү иштерин кечеңдетип жаткандыгы үчүн сынга алды.
Март айында жергиликтүү сербдер менен албандар ортосунда жаңжал тутанып, 19 киши набыт болгон, 3 миңге жакын серб үйлөрүн таштап кеткен.
Бир нече күн мурун болсо провинцияда серб өспүрүмү этникалык албандардын огунан каза болду. Солана Косовонун тургундарын зордук-зомбулуктан баш тартууга үндөдү:
- 16 жаштагы балдар өлтүрүлүп жаткан коом оорукчан. Мындай коом Европага таандык эмес.
Ишемби күнкү инциденттен кийин шектүү делген эки албан кармалган.
Солана БУУнун Косово боюнча администратору Харри Холкери менен да жолугушту.
Провинция Сербиянын бир бөлүгү, бирок 1999-жылдан бери БУУнун башкаруучулугу астында.