Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Эр-Риядда британиялык журналисттерге кол салуу болду


Британиянын Саудиядагы элчилиги Би-Би-Синин кабарчысы Фрэнк Гарднердин абалы оор, бирок туруктуу экенин билдирди. Кечээ кечинде белгисиз адамдар Эр-Рияддын көчөлөрүнүн биринде британиялык эки журналистке кол салган. Аткылоодон оператор Саймон Камберс мерт кетти.
Ошол эле күнү Би-Би-Синин жетекчилеринин бири Ричард Самборк буларды билдирди:

- Саймон Камберс менен Фрэнк Гарднер жекшембинин кечинде Рияддын жака белинде репортаж тартып жаткан жеринен аткылоого алынган. Саймон ошол жерден өлдү. Фрэнк жаракат алып, азыр ооруканада жатат. Экөөнүн үй бүлөөлөрүнө колубуздан келген жардам беребиз.

Компаниянын атайын билдирүүсүндө Фрэнк Гарднер “Ал-Каида” боюнча эксперттердин бири деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG