Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

"Ал-Каида" АКШнын жана Батыштын авиакомпанияларына кол салынаарын эскертүүдө


"Ал-Каиданын" Сауд Аравиядагы бөлүмүнөн делген эскертүү адатта бул уюмдун билдирүүлөрү жарыялануучу Интернет сайтка кечээ чыкты. Анда айтылгандай, чет элдиктер жүргөн жайлардын баары, базалар, унаанын баардык түрлөрү, өзгөчө Батыш өлкөлөрү менен Американын авиокомпаниялары жакынкы келечектеги кол салуулар үчүн бута болмокчу. Билдирүү ошондой эле мусулмандарды жогорудагыдай жерлерден жана америкалыктар менен батыштыктардан өзүлөрүн окчун кармоого чакырат. Жекшембиде Саудиянын башкалаасы Эр-Риядда белгисиз адамдардын огунан Британиянын Би-Би-Си корпорациясынын оператору каза таап, кабарчысы оор жаракат алган.

XS
SM
MD
LG