Саммит АКШнын Жоржия штатындагы Си-Айленд аралында өтмөкчү. АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Орусиянын лидерлери бул жолку кездешүүсүндө Ирак, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына, бул чөлкөмдү демократиялаштырууга байланышкан маселелерди, эл аралык базарда мунай баасынын кымбатташын, дүйнөдөгү СПИД жана ачкачылык проблемаларын талкуулаары күтүлүүдө.