Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

КУЛАЛ-ЖАРАК МЕНЕН СООДА КЫЛУУ КОРКУНУЧТУУ


Сапар Орозбаков, Прага Чехияда чыккан “Экономикалык жаңылыктар” аттуу гезит чехиялык ишкер Далибор Копп Казакстандан курал- жарак сатып алып, чет өлкөгө сатып жиберүүгө аракет кылгандыгы тууралуу жазып чыкты. Казакстандыктар мындай окуя өлкөдө биринчи эле жолу болуп жаткан жок дешет.

Чехияда чыккан “Экономикалык жаңылыктар” гезитинин жазганына караганда, Чехиянын тургуну Далибор Копп көп жылдар бою курал-жарак менен соода кылып келет. Ал өткөн айда Иракка курал-жарак алып чыкмакчы болуп, Чехиянын полициясы тарабынан кармалган. Бирок аны полиция камакка алган эмес. Аталган гезит Далибор Копп эми чет өлкөгө качып кетеби деген өзүнүн кооптонуусун билдирет.

Гезиттин жазышынча, Далибор Копп мындан мурда да - 1998-жылы Казакстандан 900 пулемет жана жарым тонна марихуана аттуу баңгизат алып келген. Аларды жүктөгөн Казакстандын учагы Чехияга келип конгондо, техникалык себептерге байланыштуу деген шылтоо менен, текшерүүдөн өткөн эмес. Учактагы курал-жарактар чет өлкөлөрдүн бирине жөнөтүлмөк болгондо, Чех полициясы байкап калган. Далибор өзүнүн ар бир кадамына полиция көз сала баштаганын сезип, Иштин аягына чыгаруудан баш тарткан.

Азаттыктын кабарчылары Чехия полициясына кайрылганда, полиция бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын айтып, маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок Чехиянын өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз катчысы Иво Мравенец буларды билдирди:

- Азыркы учурда Далибор Копп чет өлкөлөргө соода кылуу укугунан ажыратылган. 2000-2003-жылдар аралыгында ага 19 лицензия берилген. Ал аскерий эмес курал-жарак менен соода кылуу укугуна ээ болчу. Ал өзүнө берилген лицензиянын 5өөсүн гана пайдаланган. Ага байланыштуу иштердин баары азыр полицияда. Биздин министрликтин бул ишке тиешеси жок , – деди Иво Мравенец.

Британиялык согуш жана тынчтыкты баяндоо институнун казакстандык кызматкери Досым Сатпаевдин айтымында, Казакстан курал-жарак менен соода кылуу чатагына биринчи жолу эле аралашып отурган жок:

- Согуш жүрүп жаткан Югославияга жана Түндүк Кореяга курал сатканда аябагандай чоң эл аралык чатак чыккан болчу. Ал Казакстандын эл аралык аброюна доо келтирген, – дейт Досым Сатпаев.

Бирок ал өкмөт курал-жарактарды сатууну катуу көзөмөлгө алгандыгын белгилейт:
- Өлкөнүн жетекчилиги мындай жашыруун ишкерлик коркунучтуу экендигин түшүнүп, азыр, албетте, көзөмөлдү күчөттү, - дейт Досым Сатпаев.

Муну казакстандык согуш ардагерлеринин төрагасы Сергей Паневич да ырастайт:
- Азыр куралды партиясы менен жашыруун сатуу мүмкүн эмес. Куралдардын баарынын эсеби алынган. Ал азыр көзөмөлдө турат, – дейт Сергей Паневич.

XS
SM
MD
LG