Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Баткен облусунда аялдардын демилгелүү топтору түзүлүүдө


БАТКЕН. Баткен облусунда аялдардын демилгелүү топтору түзүлүүдө. Үй-бүлө жана аялдар иши боюнча облустук департаменттен 8-июнда алынган маалыматка караганда, учурда облустун баардык район, шаарларында, айыл өкмөттөрүндө элди ашыкча чыгымга кириптер кылуучу улуттук каада-салттарды кыскартууну талкуулаган жыйындар өтүүдө. Облус бийлигинин демилгеси менен аталган департамент уюштурган бул жыйындарга дарыгерлер да катышып, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, үй-бүлөнү ыраатташтыруу боюнча да кеп-кеңештер айтылууда. Мындан сырткары жыйын өткөн жерлерде демилгелүү аялдардын топтору да түзүлүүдө. Алар айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, ашыкча каада-салттарды кыскартуу зарылдыгын элге түшүндүрүү, жамааттык топторду түзүп, турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана маданий иш-чараларды уюштуруу сыяктуу иштерди жүргүзүшмөкчү. Учурда демилгелүү аялдар тобунун мүчөлөрүнүн саны облус боюнча 480 жетти. Мындай топтор Кызылкыя шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда түзүлүп, иш жүргүзүлө баштады.

XS
SM
MD
LG