Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

«Учкун» гезитине байланыштуу сот иши башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту «Учкун» гезитине жарыяланган «"Ошгазды" ойрондогон Сабиров» аттуу макала боюнча ишти кароону баштады. Буга «Ошгаз» ишканасынын башчысы, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабировдун доо арызы себеп болду. Соттун алгачкы отурумунда макала боюнча «Кыргызгаз» ишканасынын өкүлдөрү гезиттин кызыкчылыгында көргөзмө беришип, макала "Ошгазды" текшергенде аныкталган фактылардын негизинде жазылганын белгилешти. Алардын айтымында, «Ошгазды» текшерүүнүн жыйынтыгы Эл өкүлдөр жыйынына март айында кароого берилген, бирок жооп боло элек.

Депутат Сабиров доо арызында макаладагы фактылар жалаа экенин белгилеп, аны жазган автор Калил Жамгырчиевди Кылмыш кодексинин 127-беренесинин 2-3-пунктунун негизинде 3 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Мындан тышкары Сабиров моралдык чыгым үчүн «Учкун» гезитине 5 миллион сом, авторго 1 миллион сом доо коюуда.

XS
SM
MD
LG