БИШКЕК. «Кылмыш кодекси» жана «Мамлекеттик төлөм» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө президент сунуштаган долбоорлорду депутаттар колдогон жок. Мамлекет башчысы «Кылмыш кодексинин» 127-беренесинин 2-3-бөлүмчөлөрүн алып салууну сунуштаган. Бул бөлүмчөлөр маалымат каражаттары аркылуу ушак тараткан адамдарды үч айдан үч жылга чейин эркинен ажыратууну карайт. Ал эми «Мамлекеттик төлөм жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун 4-беренесине президент моралдык чыгым доолап сотко кайрылган адам талап кылган акчасынын 5 пайызын, эгер доонун өлчөмү так көрсөтүлбөгөн учурда төмөнкү маянанын өлчөмүндө акы төлөөнү киргизүүнү сунуштаган. Талкууга катышкан 50 чамалаш депутаттын жыйырма экиси президенттин сунушун колдоп добуш берди.
Аталган долбоорлор мамлекет башчысы тарабынан үч жолу парламентке киргизилип, үч ирет тең колдоого ээ болгон жок.
Аталган долбоорлор мамлекет башчысы тарабынан үч жолу парламентке киргизилип, үч ирет тең колдоого ээ болгон жок.