"Мен бүгүндөн тарта Ирактын мунай өнөр жайын башкаруу милдети - Ирак өкмөтүнүн мунай боюнча министрлигине өткөрүлүп берилгенин билдирем", - деди премьер-министр Ияд Аллави. Анын айтымында, өлкөнүн башкы энергетикалык тармагынын коопсуздугун 14 миңдей аскерден турган атайын бөлүк күзөтөт жана мындан ары Ирактын башкы байлыгы – Саддамдын тушундагыдай саясий максаттарга эмес, жалпы ирактыктардын кызыкчылыктарында коромжуланат.