Бүгүн эртең менен Ирактын түндүгүндөгү Мосул калаасынын борборунда машинедеги бомба жардырылды. Америкалык командачылыктын кабарына караганда, шаар акимчилигинин алдындагы жардыруудан 10 ирактык набыт болуп, 100дүн тегерегиндеги киши жараат алды. Мосулдун акими Салем ал-Хаж Иса аман-эсен, чабуул ага каршы уюшулган деп шектелүүдө. Анын алдында Ирактын түндүк-батыш тарабындагы Бакуба калаасында дагы бир машинедеги бомба жарылып, 4 ирактык жана бир америкалык аскер жантаслим болушту. Алардан башка дагы 20дан ашуун жоокер жараат алды.