АКШнын Жоржия штатындагы Си-Айленд аралында башталган саммит күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өтүүдө. АКШ, Британия, Канада, Германия, Франция, Италия, Жапония, Орусиянын лидерлери бул жолку кездешүүсүндө дүйнөлүк экономика менен коопсуздуктун проблемаларын, атап айтканда, Ирактын келечегин, Жакынкы Чыгыш проблемасын, мунайдын эл аралык базардагы баасын, СПИД жана полиомелит дартына, Африкадагы ачкачылык менен жакырчылыкка каршы күрөшүү маселелерин талкуулаары белгиленген. Саммитке Африканын айрым лидерлери да чакырылган, кээ бир араб өлкөлөрүнүн жетекчилери конок катары катышат.