Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча резолюцияны кабыл алды


АКШ жана Британия сунуш кылган документтин алымча-кошумчалар киргизилген соңку долбоорун Коопсуздук кеңештин 15 мүчөсү бир добуштан колдоду. Ирактагы бийликти жергиликтүү өкмөткө өткөрүп берүүнү караган резолюциянын долбоору боюнча Коопсуздук кеңешинде акыркы бир нече күндөн бери тынымсыз консультациялар жүрүп жаткан эле. Документ ошондой эле өлкөдө коопсуздукту сактоо үчүн көп улуттуу күчтөрдүн турушуна уруксат берет. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте добуш берүүдөн соң мындай деди:

- Бүгүнкү добуш берүү менен биз маанилүү этапты тааныдык. 30-июнда Ирак суверенитетин алат. Бул - демократиялык негизде шайлануучу өкмөттү көздөй кадам. 1546–резолюциянын бир добуштан кабыл алынышы - мен текстен шилтеме келтирем - федералдык, демократиялуу, бирдиктүү, саясий жана адам укуктары урматталуучу Иракка кеңири эл аралык колдоонун ачык көрүнүшү.

Резолюциянын кабыл алынышын АКШ президенти Жорж Буш "Ирак элинин чоң жеңиши" десе, Орусия президенти Владимир Путин "алдыны көздөй маанилүү кадам" катары баалады.

XS
SM
MD
LG