Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Баткенде жамааттык уюмдар тууралуу мыйзам долбоору талкууланды


БАТКЕН. Эл аралык толерантуулук коомдук фондусунун Баткендеги бөлүмүндөгү Атуулдук коомду колдоо борбору уюштурган бул жыйынга облустагы бейөкмөт уюмдардын, жамааттык топтордун жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Анда аталган мыйзам долбоорунун ар бир беренеси боюнча ой-сунуштар айтылды. Мыйзам долбоору чийки даярдалганы, айрым беренелерде карама-каршылыктар бар экени белгиленди. Акырында жыйындын катышуучулары өкмөт башчысы Николай Танаевге кайрылуу кабыл алышып, анда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген бул мыйзам долбоорун кошумча иштөө үчүн кайтаруу сунушу айтылды. Аталган долбоорду талкуулоого жигердүү катышууга чакырган ушундай эле кайрылуу Жогорку Кеңешке, парламенттин Баткен облусунан шайланган депутаттарына да жолдонду.

XS
SM
MD
LG