Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Кесиптик билим берүү стратегиясын өзгөртүүнүн камы көрүлүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын билим, илим, маданият комитети бүгүн жаштарды кесиптик даярдыктан өткөрүү, баштапкы кесиптик билим берүү маселелерин талкуулады. Ага эмгек жана социалдык коргоо, билим берүү министрликтеринин жетекчилери катышты. Талкуунун соңунда комитет баштапкы билим берүүчү кесиптик окуу жайларды өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну жана анын негизинде кесиптик окуу жайларды өзүнчө тармак катары кайра түзүүнү өкмөткө сунуштаган чечим кабыл алды. Комитет төрагасы, депутат Жангороз Каниметовдун айтымында, кесиптик окуу жайларда окугандардын саны 90-жылдардын башында 50 миңден 100 миңге чейин болсо, он жылдан кийин ал төрт эсеге азайган.

Өлкө боюнча кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын 36 имараты башка мекемелерге өтүп кеткен.

XS
SM
MD
LG