Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Дыйкан алты жылдан бери соттошуп келатат


БИШКЕК. Бүгүн Талас облусунун Жонарык айылынан келген Тынышев Автандил үй-бүлөсү менен өкмөт үйүнүн алдына нааразылык билдирип чыкты. Тынышевдин айтымында, чыр мындан тогуз жыл мурда Нуржан атындагы колхоздон бөлүнүп чыккан «Таабалды» дыйкан чарбасына таандык кашарга байланыштуу чыккан. Кашарды Тынышевдердин үй бүлөсү 1996-жылдын ноябрында сатып алган. Бирок «Таабалды» дыйкан чарбасынын жетекчисинин арызынын негизинде 1997-жылы райондук арбитраждык сот кашарды кайра алуу чечимин чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз деп санаган Тынышевдердин үй-бүлөсү аны далилдөө максатында акыркы беш-алты жылдан бери өлкөдөгү бардык сот инстанцияларына тынымсыз кайрылып келатат. Нааразы тараптын айтымында, жергиликтүү сот «Таабалды» дыйкан чарбасы менен жең ичинен макулдашып алган. Тынышевдер менен президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн кызматкери Мадалиев Рустам жолугушуп, алардын арызын бир айдын ичинде териштирип, жооп берүүнү убада кылды.

XS
SM
MD
LG