Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Кыргызстан Орусияга электр энергиясын экспорттону пландаштырууда


БИШКЕК. 8-июндан баштап Кыргызстандын «Электр станциялар» акционердик коому Орусияга электр энегиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунун президентинин орун басары Абдылда Исраилов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымына караганда, Орусияга электр энергиясын экспортоо аталган өлкө менен буга чейин түзүлгөн беш жылдык контрактка ылайык ишке ашырылууда. Эки тараптуу макулдашууга ылайык жыл сайын Орусияга бир миллиад киловатт саат электр энергия экспортолот. Ал эми өткөн жылы Орусияга 714 миллион киловатт саат электр энергиясы сатылган.

XS
SM
MD
LG