БИШКЕК. «Жибек төңкөрүшү» сыяктуу эл аралык саясий технология Кыргызстанда олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Аскар Акаев «Российская газетанын» шейшемби күнкү номуруна жарыяланган макаласында билдирген. Ошондой эле Аскар Акаев чыныгы эл бийлиги тышкы күчтөрдүн таасири менен эмес, турмуш талабына ылайык ар бир өлкөнүн ичинен бышып жетилээрин айтып, демократияны башка өлкөлөрдөн экспорттоо большевиктердин революциясына окшош деген пикирин жазган.
Айта кетүүчү нерсе, өткөн жылдын соңунда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар болгон. Ага нааразы эл президент Эдуард Шевернадзени бийликтен кетирүүгө мажбурлаган. Эл аралык маалымат каражаттары Грузиядагы бийлик алмашуу айрым батыш өлкөлөрүнүн каржылык колдоо көрсөтүүсүнөн улам болгондугун жазып чыгышкан.