Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Чолпонатада эл аралык конференция ишин баштады


БИШКЕК. Эртең Ысыккөлдө «Евразия ХХI кылымда – маданияттардын диологубу же цивилациялардын кагылышуусубу» аттуу эки күндүк эл аралык конференция өз ишин баштайт. Кыргызстандын демилгеси жана ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтө турган конференцияны президент Аскар Акаев менен ЮНЕСКОнун баш катчысы Каичиро Мацура ачаары күтүлүп жатат. Бул конференция маданий, тарыхый мурастарга, адам укуктарына, туруктуу өнүгүүгө жана таза сууга байланышкан маселелердин талаштуу өңүттөрүн талкуулап, жыйынтыктоочу документ кабыл алынат. Ага Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Оржоникидзе, ЕККУ төргасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Мартин Ахтисари, Ооганстандын вице президенти Мохамед Али Абтахи, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов баштаган лидерлер, Түркия, Азербайжан, Португалия, Кытай, Орусия, Улуу Британия өңдүү 20 чамалаш мамлекеттин таасирдүү тарыхчылары, дин таануучулары, маданият ишмерлери, саясатчылары жана саясат таануучулары катышаары күтүлүп жатат. Чакырылгандардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга келишти.

XS
SM
MD
LG