Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Кенчи аялдын өлүмү


Хакасиянын Жогорку соту ачкачылык жарыялаган кенчилерге козголгон ишти жапты. 12 күн ишти токтотуп койгон кенчилерди жер алдындагы сууну сордурбай коюп, бүтүндөй шахта менен Черногорск шаарын суу алдында калуу коркунучуна кептеди деп күнөөлөп атышкан. Енисейская шахтысында болгон ачкачылыкка катышкан бир аял инсульттан каза тапканы маалым болду. Шахта жетекчилигинин айтымында, медиктер анын өлүмүн мурдагы наразычылык акциясы менен байланыштырбайт. Ал эми ал аял менен чогуу иштеген шахтачылар бир топ күн наар албай жүргөнү таасир этти деп ырасташат. 12 күнгө созулган акция өткөн аптанын жума күнү айлыкка болгон 7 миллион рубль карыз төлөнгөндөн кийин аяктаган.

XS
SM
MD
LG