Иракта барымтадан бошотулган үч италиялык бүгүн мекенине кайтып барышты. Италия бийлиги мындай натыйжа эл аралык коалиция күчтөрүнүн жана Ирак полициясынын бирдиктүү операциясы аркылуу жетишилгенин билдирди. Үч италиялык барымтада эки ай жатты. Ал эми төртүнчүсү Фабриццио Куатрокки барымтага алгандар тарабынан өлтүрүлгөн. Бул операция учурунда Польшанын дагы бир атуулу бошотулду.