Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:03

Швециянын тышкы иштер министрин өлтүргөн адам акылы кем деп табылды


Швециянын тышкы иштер министри Анна Линдди өлтүргөн Михайло Михайлович медициналык текшерүүдөн өтүп, акылы кем деп табылды жана эми ал түрмөдөн ооруканага которулушу мүмкүн. 25 жаштагы Михайлович министрди былтыр сентябрда дүкөндүн ичинде бычак менен сайып өлтүргөн жана үстүбүздөгү жылы март айында соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
XS
SM
MD
LG