Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Пакистан менен Ооганстандын чек арасында жаңы кагылышуулар болду


Пакистан менен Ооган чек арасында кечээ күнү кагылышуу болуп, жыйырмага жакын жоокер өлтүрүлдү. Түштүк Вазиристан дубанынын коопсуздук кызматынын өкүлү Мехмуд Шахтын айтымында, өлгөндөрдүн көбү чет өлкөлүктөр болуп чыкты. Чек арадагы Шакай шаарында көп чет элдик жоокер жашынууда деген шек бар жана өкмөт ал шаарга жиберүүгө аскер топтоп жатат. Өткөн март айында дагы ушул аймакта кагылышуулар болуп, жүзгө жакын жоокер өлтүрүлгөн жана алрдын көбү "ал-Каида" уюму менен байланышкан деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG