Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:53

Ирак өкмөтү Бириккен Улуттардын резолюциясын колдоо менен кабыл алды


Ирактын убактылуу премьер-министри Ияд Аллави Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция өткөнүн кубаттоо менен кабыл алды: "Биз резолюцияны колдойбуз, ал Ирак элинин жана анын пикирлештеринин аракеттеринин натыйжасында кабыл алынды". Аны менен катар Аллавинин айтымында, коалициялык аскерлер Иракта 30-июндан кийин дагы калууга тийиш. АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү - Иракка, мүмкүн, НАТО аскерлери да жиберилет деп билдирди, бирок Франция президенти Жак Ширактын пикиринде, Иракка аскер жиберүү НАТОнун миссиясына төп келбейт.

 

XS
SM
MD
LG